Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаровдун Глазгодогу демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун пленардык жыйынында каралат

10.12.2021 15:07
611
Жапаровдун Глазгодогу демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун пленардык жыйынында каралат

2021-жылдын 8-декабрында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда кыргыз-америка эки тараптуу мамилелериндеги орунттуу учурлар жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.


Ошондой эле элчи Бакыт Аманбаев КР президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында көтөргөн демилгеси тууралуу маалымат берип, Америка тарапты КРнын президенти тарабынан «2022-жылды дүйнө тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы» деп жарыялоо демилгесин жакынкы күндөрү өтө турган БУУнун сессиясында колдоп берүүгө чакырды.


Президент Садыр Жапаровдун жогорудагыдай демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында каралат.


Андан сырткары, элчи жолугушуу учурунда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу КР тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин АКШнын Мамлекеттик катчысы А.Блинкенге даректелген куттуктоо нотасын расмий түрдө тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн