Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапырт камоолор: Жеңишбек Токторбаев Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

27.10.2022 10:50
760
Жапырт камоолор: Жеңишбек Токторбаев Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин массалык камоолорго байланыштуу пикирин билдирди.


Анын айтымында, 23-октябрда кармалган саясатчылар "дежурный" саясатчылар.


"Кечээ биздин кесиптешибиз кармалган саясатчыларды белгилүү саясатчылар деп атады. Мен аны менен макул эмесмин. Анткени алар бийлик берсең бийликти мактайт. Бийлиги жок болсо жамандайт.

Алар белгилүү эмес "дежурный" саясатчылар.


Андан сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камоолорго байланыштуу билдирүү жасаптыр.

Эмне анын учурунда белгилүү саясатчылар камалган жок беле? Текебаев, Жапаров, Ташиев, Мамытов сыяктуу белгилүү саясатчылар камалган",- деди депутат.


Белгилей кетсек, 26-октябрда Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттерди үй камагына чыгаруу тууралуу пикирин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн