Delta Airlines авиа компаниясынын Bombardier CRJ900LR учагы Канаданын Торонто эл аралык аэропортуна конуу учурунда кулап түшүп, оодарылып калды. Мындан улам 18 адам жаракат алганын Би-Би-Си билдирди.
Учакта 76 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон, алардын көбү эч кандай жаракат албастан эвакуацияланган.
Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан учактын кар баскан тилкеде жатканын, жанында өрт өчүрүүчү унаалар турганын көрүүгө болот. Окуядан кийин моторлор жайгашкан фюзеляждын арткы бөлүгү түтөгөн.
Жүргүнчүлөр тарткан видеолор социалдык тармактарда да пайда болуп, окуядан кийин учакты таштап кетип бараткан кишилерди көрүүгө болот.
Кырсыктын себеби белгисиз. Канаданын Транспорт коопсуздугу боюнча агенттиги учурда иликтөө баштады. Учак конуу маалында катуу шамалдан улам оодарылып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат тараган, бирок бийлик муну ырастай элек.
«Азыр жыйынтык чыгарууга эрте. Божомолдорду жасабашыбыз керек. Биз учуп-конуу тилкеси кургак жана шамал жок экенин ырастадык", - деди аэропорттун өрт өчүрүү кызматынын башчысы Тодд Айткен.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:15те болгон кырсык учурунда Торонто аэропортунун айланасында абанын температурасы -10 градуска жакын болгон.
Ал эми, буга чейин дарыгерлер Франс Пресс агенттигине үч адам - 60тардагы эркек киши, жаш бала жана 40 жаштагы аял оор жаракат алганын билдиришкен.
Аэропорттун башкы директору Дебора Флинт брифингде бул маалыматты тастыктаган жок.
«Биз жабыркагандар болбогонуна жана жарааттардын салыштырмалуу жеңил болгонуна абдан кубанычтабыз», - деди ал. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар кызматынын иш-аракеттерин үлгүлүү деп атады.
Бул окуядан кийин Торонто аэропорту бардык каттамдарды убактылуу токтоткон. Кийинчерээк аэропорт ишин улантып, бирок беш конуу тилкесинин экөө бир нече күнгө жабык бойдон калганы айтылды.
Белгилей кетсек, Түндүк Америкадагы акыркы айдагы төртүнчү авиакырсык болду. Анын эң ириси Вашингтондогу Рейган аэропортунун учуп-конуу тилкесине жакын жерде жүргүнчү учагы менен аскердик тик учактын кагылышы болуп 67 киши каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн