Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жарандардан опузалап акча алып турган Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды

26.02.2024 12:09
106
Жарандардан опузалап акча алып турган Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды


Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды жана алардын жарандык абалынын актыларын каттоо үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Ноокен райондук Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баюу жана акча алуу максатында тез арада каттоого алуу жана тиешелүү документтерди берүүдө жасалма тоскоолдуктар түзүлгөндүгү аныкталды.

2024-жылдын 21-февралында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен райондук калкты каттоо департаментинин А.М.Ж. жана Х.З.Ш. аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн