Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:06
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Түзүмдөргө дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды

30.03.2020 14:28
419
Түзүмдөргө дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды


Тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандарга дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, шаарда күндүзгү күзөт күчөтүлгөн. Үй карантинин сактоо жана коронавирустун жайылуусуна байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандарды жоопкерчилике тартары белгиленген. 


Зарыл дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоо маселелерине зор көңүл бурулуп жатат. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окуянын ар түрдүү өнүгүшүнө даяр турууга тийиш экени айтылган.

 

Ошондой эле, бул аптада бардык эл аралык, анын ичинде Россиядан келүүчү каттамдар токтотулганы кабарланды


Биринчи вице-премьер-министр бюджеттик уюмдарда өзгөчө керек болгон гана кызматкерлерди иштетип, калгандарын үйүнө кое берүү зарылдыгын кайрадан эскерткен. Жеке түзүмдөр үчүн дагы ушундай эле сунуштар берилгени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн