Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жарандык активисттер жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачыктыгынан күмөн санашууда

13.04.2020 16:51
1179
Жарандык активисттер жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачыктыгынан күмөн санашууда


Жарандык коомчулук өкмөттөн Кыргызстандагы COVID −19 инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталган ички жардамдарды пайдаланууда ачык-айкындыкты жана отчёттуулукту талап кылышууда.


Активисттер белгилегендей, өлкөдө карантин жана өзгөчө абал режими киргенден бери бир айга жакындады. Бул убакыт аралыгында коронавируска каршы күрөшүү үчүн эл аралык уюмдар тарабынан мамлекеттин суроо талабы боюнча келген жардамдар тууралуу ар түрдүү маалыматтар пайда болду.


Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, марттын башынан бери жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдыктар, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын кошкондо жалпы 15 млн доллардан ашык каражат Россиядан, Кытайдан, Япониядан, Кореядан, АКШ, Швейцария, Өзбекстан, Бельгия жана башка мамлекеттерден келген.


Мындан тышкары, коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн 340 млн сомдун 183,4 млн сому коротулганы тууралуу маалымат пайда болду. Ошондой эле берилип жаткан жардамдар кайсы булактар аркылуу изделип жатат жана бул сумманын канчасы бюджеттен алынат, мунун бары так эмес.


Ушул учурда УКМК коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги боюнча медицина кызматкерлеринин маалыматтары үчүн көз салып жатат, ал эми республикалык штаб 13-апрелге карата 79 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алганын маалымдады. Мындан улам Кыргызстандын жарандары абалга кабатырланып жатканын жана ачыктыктын жана отчёттуулуктун жоктугуна нааразы болууда”, - деп жазылат арызда.


Жарандык активисттер эл аралык уюмдарга жана финансылык институттарга кайрылып, жардам берүүдө аныкталган шарттардын негизинде берүүнү суранышты, анткени коррупцияга жол бербөө, ачыктыкты, даректүүлүктү максималдуу түрдө камсыздоо керек, деп эсептешет алар.

 

Бул жардамдардын бардыгы калктын ден соолугун коргоо, адам өмүрүн сактап калуу, орто жана чакан бизнестердин кесепеттерин азайтуу үчүн гана пайдаланылышы манилүү. Бул үчүн президент, өкмөт, Каржы министрлиги жана республикалык штаб алынган жардамдар кандай пайдаланылышы керек, кайсы жакка жана эмне үчүн жумшаларын ачык көрсөткөн план иштеп чыгуусу зарыл”, - деп белгилешти активисттер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн