Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жарандык көзөмөл уюму Кыргызстанда бузукулук жайылышын колдойбу?

13.01.2021 10:24
662
Жарандык көзөмөл уюму Кыргызстанда бузукулук жайылышын колдойбу?


Ырчы Курал Чокоев өзүнүн Ютуб каналы аркылуу «В п#зду звезду» аталышындагы шоу көрсөтүүсүн баштап, анын алгачкы эфирлери жарыяланганда коомчулукту катуу иренжиткен. Белгилүү өнөр адамдарынын оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөнүн, терс жоруктарды жасаганын даңазалаган бул көрүнүш көпчүлүктүн кыжырын кайнаткан.


Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга реакция кылып, Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алды. Ушул берүүгө катышып элге терс сапаттарын көрсөткөн Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлдү. Мындай чараны министр Нуржигит Кадырбеков коомчулуктун талабын эске алуу менен кабыл алганы белгилүү.


Эми Жарандык көзөмөл комитети Кадырбековдун отставкасын талап кылып чыкты. Алар мындай чечимдер адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп жатат.


“Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес — анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө.


Эмне үчүн мындай бейөкмөт уюмдары фундаменталдык эле эмес, жөнөкөй укуктары бузулуп жаткан миңдеген башка жарандарга көңүл бурбайт? Элди уятсыздыкка, намыссыздыкка чакыргандарды тыйса, алардын таламын талашып, койнунда котур ташы бар башка адамдардын чырагына май тамызып жаткан жокпу? Булар бул аракети менен Кыргызстанда бузукулук жайылышын колдойбу?

 

Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн