Жаратылыш ресурстары, экология жана техниалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл, Чүй, Баткен, Нарын жана Талас аймактык башкармалыктарына унаалар тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Унаалар башкармалыктардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана колдоо максатында министр Медер Машиев тарабынан тапшырылды.
Министр Машиев унааларды тапшырып жатып материалдык колдоо аймактык башкармалыктардын ишин алдыга жылдырууга чоң колдоо болоорун, айлана-чөйрөнү коргоодо жана ыкчам чараларды аткарууга шарттар мындан ары дагы жакшыраарын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн