Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жаратман: Ч.Айтматовдун скульптурасын жасаган Тамила Маматова тууралуу 10 факт

15.06.2020 15:56
1023
Жаратман: Ч.Айтматовдун скульптурасын жасаган Тамила Маматова тууралуу 10 факт

Чынгыз Айтматовдун скульптурасын жасаган Тамила Маматованын эмгеги көпчүлүктү суктандырууда. Анын бул эмгеги 2018-жылы Санкт-Петербург шаарында жасалып, ага бир жылдык убакысы кеткен. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Тамила Маматова жана анын эмгеги тууралуу 10 факт сунуштайт. 


1. Тамила Маматова Жалал-Абад облусунда туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт. 


2. Ала-Бука районундагы Р.Кулуев атындагы №11 мектепте билим алган. 


3. Т.Сыдыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын жана Санкт-Петербург шаарындагы И.Репин атындагы көркөм сүрөт академиясын аяктаган. 


4. 2018-жылы Италияда өткөн скульптурлордун симпозиумунун алкагында өткөн көргөзмөгө эмгектерин алып барган. 


5. Жогорку окуу жайын аяктоодо дипломдук ишин жазуу учурунда улуу жазуучу Ч.Айтматовдун эстелигин жасоону чечкен. 


6. Италиядагы көргөзмөдө утуп алган каражатын Ч.Айтматовдун скульпторун жасоого жумшаган. 


7. Эстеликтин бийиктиги 3 метрди түзөт. Аны жасоого бир жылдан ашык убакыт кеткен. 


8. Режиссер Болот Шамшиев  өз кезегинде ал жасаган эстеликти Берлинге орнотуп берүүгө жардам берүүнү пландап жаткан. Тилекке каршы, аны ишке ашырууга жетишкен жок. 


9. Учурда анын эмгеги Бишкек шаарындагы устаканасында, формасын Санкт-Петербург шаарынан алып келген. Ага өзүнүн чөнтөгүнөн  100 миң сом жумшаган; 


10. Ал Опера жана балет театрындагы Болот Миңжылкыевдин эстелигинин автору болуп саналат. Кыргызстанда бир нече белгилүү  адамдардын скульптураларын дагы жасаган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн