Коронавируска карата ачылган Жардам штабына 26 тоннадан ашык азык-түлүк келип түштү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалматка ылайык, учурда Жардам штабына жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн 26 тоннадан ашык ун, күрүч, гречка, макарон, шекер, май, картошка жана башка тамак-аш азыктары келип түшкөн. Аларды муктаждарга таратып берүү үчүн, республиканын шаарлары менен облустарына бөлүштүрүлгөн.
Учурда жардам алган үй-бүлөлөрдүн саны – 144 433 адам экени кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн