Бугу 08, 2024
Убакыт: 12:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Жаркынбай Кошбаев: Аялым элжиреген тосума жүда (аябай) ыраазы болор эле...

22.12.2020 09:49
893
Жаркынбай Кошбаев: Аялым элжиреген тосума жүда (аябай)  ыраазы болор  эле...


Бечелге  жөтөлдүн  эмне  кереги бар дегендей,  жаш үй-бүлөлүү  кезимде тиричилик оор  кезде,  бир  айлык  менен араң жашап  жүрүп  аялым  дайыма ооруган  үчүн иштечү  эмес.  Ошентип зорго  жашап жүрүп жаңы жылды кандай  тоссоң ошондой  жыл  болот дегенге ишенип, байып  кетсем  экен, квартиралап  көчпөй  үй салып  алсам  экен, үй алып  алсам  экен деп,  иши  кылып жаңы жылга досторкон толтурчу  элек. Атын өчкүрлөрдөн  да  алчу  элек.  Эми  эмне  кыласың царский досторконду?  Биз го  досторкон эле  даярдадык, кээлери  үйүнө ёлка орнотуп,  аны  кооздолгонго  эле оңой эмес акча  коротушчу.


Анан досторкон  үстүндө айткан  тостту  уккан  киши  элжиреп  кете  турган кылып,  узак  айтаар  элем. Аялым  бечара  ошо  тосума  жүда (аябай)  ыраазы болор  эле.


Калла (баш) иштебейт да,  эми-эми  ойлосом  болбогон  нерсе экен.  Дүйнөдө  түрлүү календарь бар  экен.  Адамдар  өздөрү түзгөн  жыл-күн  саноолору,  жаңы жылдары,  майрамдары  бар  экен.  Мен  биздин календарь Кудайдан  келген  дегендей,  ошону  жакшы тоссом  баары  жакшы болот  дегендей  ойлопмун.  Эч ким  айтпаса,  мектепке динге  ишенбе  десе,  ишенимибиз  жаңы жылда  экен да. Ошентип чоң жанылыштар  болгон  экен.


Азыркы кезде сурасам  Аллахтан  сурайм, тилесем  Аллахтан  тилейм.  Тост  эмес,  жайнамазда  дуба  кылам.  Негизи  ушул туура.


Вот и всё...


Жаркынбай Кошбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн