Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жасалма ПЧР-тест саткан үч факты аныкталды

23.09.2021 17:48
768
Жасалма ПЧР-тест саткан үч факты аныкталды

Кыргызстанда ПЧР-тесттердин жасалма жыйынтыгын саткан үч факты катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Билдирүүдө айтылгандай, ПЧР-тесттердин жасалма жыйынтыгын сатуу боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда эки, Талас облусунда бир факты катталган.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган ишке шектелип 25 жаштагы А.Б. менен Б.А. жана 25 жаштагы Х.А. кармалган. Алар Жазык кодексинин 359-беренесинде (“Документтерди жасалмалоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелүүдө.


Дагы бир факты Талас облусунун Манас районунда катталды. Менчик лабораториялардын биринде иштеген эки кызматкери жасалма тестти эки миң сомго сатып жатканы аныкталган.


Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси (“Документтерди жасалмалоо”) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал эки жаран кармалган.


Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан бардык тергөө амалдары жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.


ИИМ жасалма ПЧР-тесттердин жасалма жыйынтыгын саткан жарандар Жазык кодексинин 359-беренесине (“Документтерди жасалмалоо”) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн