Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдар кармалды

Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдар кармалды

Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


          Маалыматка ылайык, УКМК республикага жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Ушул жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

   

       Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып жана мындан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


            

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн