Чүй облусунун Москва районунда жасалма бензинди өнөр жайлык масштабда чыгарган килейген мунай базасы бар экендиги ачыкталды. Булар 1 млн. 143 миң 745 литр мешке жагуучу солярка, 3 миң 605 тонн пентандык кошулма ташып келишип, экөөнү аралаштырып туруп, четинен АИ-92 бензини деп сатыкка чыгарышкан. Азыр бул акылы ашынып кеткен шылуундарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы эстерине келтирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн