Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:29
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

«Жасалма бөйрөк» аппараттарын мыйзамсыз пайдаланылганы белгилүү болду

27.12.2021 09:52
735
«Жасалма бөйрөк» аппараттарын мыйзамсыз пайдаланылганы белгилүү болду

Гемодиализ чыры: «Жасалма бөйрөк» аппараттарын мыйзамсыз пайдаланышкан


«Гемодиализ менен жабыркаган бейтаптар биримдиги» коомдук бирикмесинин кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан гемодиализ менен ооруган бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн, “Жасалма бөйрөк” аппараттарынын сапаты жана бул аппараттардын сертификаттарын каттоонун, берүүнүн, ошондой эле аларды Республиканын аймагына импорттоо процессинин мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна» (ФОМС) караштуу Бишкек аймактык башкармалыгынын жооптуу адамдары тарабынан гемодиализ кызматтарын көрсөткөн жеке медициналык мекемелерди мыйзамсыз каржылоо фактылары аныкталган.


Мамлекеттик эмес айрым медициналык борборлор бейтаптардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган «Жасалма бөйрөк» аппараттарын уруксатсыз түрдө ашыкча орнотуп алышканкандыгы такталган.


Ошондоц эле, айрым жеке менчик бейтапканалар аталган фонддун (ФОМС) Бишкек аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, пайдалануу үчүн уруксат документтери жок медициналык жабдуулар менен бейтаптарды кабыл алып келишкен. Натыйжада, алар гемодиализ жүргүзүүгө келген оорулуулардын санын жана сеанстарын ашыкча көлөмдө көрсөтүшүп, Республикалык бюжеттен каржыланып келген. 


Бул фактылар боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 245-беренеси («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн