Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Жасалма диплом маселеси: эми бардык чиновник, депутаттардын диплому текшерилсин!

15.06.2021 11:01
1364
Жасалма диплом маселеси: эми бардык чиновник, депутаттардын диплому текшерилсин!


Азыркы тапта көптөгөн чиновник, депутаттардын ичи уйгу-туйгу түшүп жатса керек. Себеби, айрым аткаминерлердин «Диплому бар, бирок группалашы жок» экендиги тууралуу маалыматтар анда-санда чыга калганда эле, баягы өтө эле көп сүйлөгүсү келгендеринин да ооздорунан сөзү бир топко түшүп калчу.


Бул жолу Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталганын УКМКнын маалымат кызматы билдирип чыкты. Маалыматка караганда, Т. Зулпукаров Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетине тапшырганы тапшырган экен. Бирок, 3-курсунан билим алуу үчүн акыны (контракт) төлөбөгөндүгүнө байланыштуу окуудан чыгарылыптыр. Бирок, кийин кайсы бир жолдор менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун жасалма дипломун алган. Анан ошол диплом менен Ош мамлекеттик университетине экинчи жогорку билим үчүн окууга тапшырган деп айтылат. Бул депутаттын биринчи дипломунун жасалма экенин, анда көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилгендиги менен түшүндүрүлгөн.


Ошентип Төрөбай Зулпукаровдун дипломуна байланыштуу түзүлгөн жагдай ичтеринен «кыпылдап» жүрүшчү айрым чиновник, депутаттардын жүрөгүн катуу соктура баштады окшойт. Башка суроолорго олуттуу жооп берип келатып эле, диплому тууралуу суроо узатылып калса, күлүмсүрөп кутулгандар, унчукпай кутулгандар бар. Эми ошолордун кайрадан «күлүмсүрөп», же «унчукпай» кутула турганына жол бергенге болобу? Ырас, бир депутаттын диплому жасалма экени аныкталып, коомчулукка жарыяландыбы, демек башкалардыкы да иликтенүүгө тийиш. Аны тез эле териштирип коюуга мүмкүн.


Мисалы, буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин да диплому жасалма экени тууралуу көп сөз болгон. Ал өзү журналисттерге берген маалыматында 1995-жылы Ош техникумун аяктаганын, кийин 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим алганын айткан. Жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому Алай районундагы ата-энесинин үйүндө экенин билдирген болчу.


Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Бакирдин Таировдун дипломунун таза экендигине шек жараткан да маалыматтар чыгып басылган.


Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында да жасалма диплом менен жүргөндөрдүн бар экени айтылып келет. Ага кошумча көптөгөн чиновниктер, депутаттар тез эле экинчи, үчүнчү жогорку билимдүү деген дипломдорду алып алышкандарын да көрүп жүрөбүз. Ошонун баарын чындап эле окуп алыштыбы, же жөн эле тапшырып коюп, барбай эле жүрүп, анан аягында дипломду алып коюштубу? Ушунун баары иликтене турган көрүнүш.


Эмне үчүн көпчүлүк чиновник, депутаттардын экиден-үчтөн дипломдору бар дагы, деңгээлдери төмөн? Жадакалса сөздөрдү туура айта алышпайт, ойлорун так түшүндүрө билишпейт.


Т. Зулпукаровдун дипломуна байланыштуу маселе эми ушуну менен токтоп калбай тереңдешин гана күтөбүз. Бардык жасалма дипломдуу саясатчылардын жүздөрү ачылышы керек. Ошондо гана окубай эле диплом алып, дароо эле чиновник болуп кетүү адаты жоюлат. Болбосо, бул өнөкөткө айланып, дагы 20-30 жылдан кийин Кыргызстанды дээрлик жасалма дипломдуулар башкарып калышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн