Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жасалма диплому бар кызматкер 160 миң сом пара берүү учурунда кармалды

26.05.2022 09:31
691
Жасалма диплому бар кызматкер 160 миң сом пара берүү учурунда кармалды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


   Маалым болгондой, УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери КР УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлду.


   Аламүдүн районунун Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн КР УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.


    Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды.


    Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн