Бүгүн Бишкектеги Жаш Гвардия бульварынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жол кыймылы чыгыш тараптан жанданары айтылды.
Мындан тышкары Медеров көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат. Ошондой эле бул жерде жолдорду капиталдык оңдоонун алкагында жүргүзүлө турган аялдамаларды, жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды иретке келтирүү иштери улантылат.
Азырынча Медеров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин чыгыш тарабы жабык бойдон калууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн