Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жаш келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн жаранга сот өкүмү чыкты

Жаш келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн жаранга сот өкүмү чыкты

Ушул жылдын 23-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, анын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган.


Арадан көп убакыт өтпөй, келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.


Бул окуя боюнча Кочкор райондук соту чечим чыгарды. Анда айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы Нарын облустук сотунун басма сөз кызматына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, чечим 20-апрель күнү чыккан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн