Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаш кызды зордуктоого шектелген кыргыз жараны Россиядан кармалды

04.09.2020 12:43
941
Жаш кызды зордуктоого шектелген кыргыз жараны Россиядан кармалды

Жаш кызды зордуктоого шектүү кыргызстандык жаран Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда,  ушул жылдын август айынын аягында  ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган Т.У. аттуу тургунун кармашкан. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренесинде (Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча 2016-жылдан бери  издөөгө алынган. 


Такталган маалымат боюнча,  жогорудагы жаран 2015-жылы күз айында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барып, 2001-жылы туулган кыздын боюнда болуп калган. Ушундай кийин жаран Т.У. изин жашырып качып кеткен. Андан соң ал Россиянын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталган.

 

Андан сырткары, жогорудагы жаран Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы жарыялаган федералдык издөөдө экендиги такталган. Ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө  көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча издөөгө алынган. 


Учурда издөө алган тарап кабарланды. Кармалган адам Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилди.  Минск конвенциясына ылайык шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе Россиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн