Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жасакерлер Садыр Жапаровду кызматка киришпей жатып уят кылганы жатабы?

21.01.2021 17:13
728
Жасакерлер Садыр Жапаровду кызматка киришпей жатып уят кылганы жатабы?

 

Бүгүн, 21-январда Бишкектеги эң чоң көчөлөр болгон Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү 1 саатка жакын жабылды. Бул көрүнүш шаардыктарды тыгынга туш кылып, бир канча адамдар бара турган жерине кечигип калганын жазууда.   


Президентинин аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов бул иш-чараны жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына камынууга байланыштырууда. Демек, алар элди ойлобой туруп көчөлөрдү жаап, зарыл эмес болгон нерсени уюштурган.


Садыр Жапаров бул маселеден кабары болбошу мүмкүн. Бирок, кызматка келбей жатып ушундай жаман жорук болуп жатканы ага жакшы сөз алып келбейт. Социалдык тармактарда нааразы болгондор басымдуу болуп жатат. Мындай алдын ала сыноо өнөктүгүн кечинде өткөрсө болмок дегендер да бар. Андыктан Жапаров айланасындагы жасакерлерге бир аз көңүл буруп коюшу керек. Антпесе алар Садыр мырзаны элден бөлүп, тез эле жолдон адаштырат.

 

Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн