Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жайдын ажайып кооз гүлдөрү ачыла баштады (фото)

28.05.2020 14:17
2780
Жайдын ажайып кооз гүлдөрү ачыла баштады (фото)


Бүгүн май айынын 28и. Вирустук жугуштуу оору менен башталган бул жылдын жаз айларынын акыркы күндөрү өтүп жатат. Азыркы тапта күндүн ысык аптабы башталып, жайдын саратан күндөрүнө бет алдык. Жай айы баарына белгилүү белгилүү болгондой, бышыкчылык мезгилдин башталышы болуп саналат. Эрте бышуучу мөмө жемиштер өз берекесин бере баштайт.


Ошону менен катар эрте жазда ачылып, кыска убакыт жашай турчу гүлдөрдүн мезгили аяктап, дарычылык касиеттерге ээ, көп убакытка гүлдөп туруучу жана өзү өсө берүүчү көп жылдык гүлдүн көптөгөн кооз түрлөрү гүлдөп баштайт. Көз жоосун алган сулуу жана адамга позитив тартуулаган касиеттүү гүлдөрдүн айрым түрлөрүн сунуш кылабыз.



Котовник

Бул гүл котовник деп жөн жерден аталып калган эмес. Мышыктын таргылына окшошуп тургандыктан ага ушундай ат берилип калган. Улам барган сайын бакча сүйүүчүлөрү арасында популярдуулугу артып келет. Ал кооздугу, көркөмдүгү жагынан эле суктандырбастан чарбалык керектөө үчүн да колдонулат. Ошондой эле ал өзгөчө камкордукту талап кылбайт.

 

Кортадерия

Көп жылдык кортадерия өсүмдүгү бакча сүйүүчүлөр тарабынан көп өстүрүлөт, себеби ал көркөмдүүлүгү жагынан көп гүлдү өзүнүн алдына салдырбайт.


Доротеантус

Латын тилинен алганда “Доротеинин гүлү” деп аталат. Анткени, бул гүлдүн аталышы ботаник г.Швантестин апасы Доротеинин атынан коюлган. 


Левизия

Бул көркөмдүгү, бажырайып көпкө гүлдөп тура бериши жана чыдамдуулугу менен сүймөнчүккө ээ. Аны кандай гүлдүн жанына отургузбасын дайыма өзүнүн өзгөчөлүгү жана маанисин жоготпой турганы менен айырмалуу. Ал таштак жерди жактырат.


Нарцисс

Нарцисс амариллис өсүмдүгүнүн тукумуна кирет. Бул гүлдүн болжол менен 60 түр бар, аларды көбүнчө Жерортолук деңизинен, Европа жана Азиядан кезиктирүүгө болот.  


Малопа

Эгерде сиз бакчаңызды же үйүңүздү кооздогуңуз келсе, анда бул гүл сөзсүз ылайык келет. Анткени эл арасында абдан аз тарагандыктан гүл эгилген аймакты кооздукка бөлөп, көптөрдүн көңүлүн өзүнө буруп турат. 


Лютик же Ранункулюс

Кыргызчага которгондо бака деген маанини берет. Бул гүл суу жээгинде же сууда өсөт. Ошондон улам бака атка конгон. Бул түргө кирген гүлдөрдүн бир гана айырмасы уулуу суюктукка ээ. 


Долихос

Буурчак түрүндөгү гүлдөрдүн катарына кирет. Эл арасында бул гүл Египет буурчагы же сирень чырмалышындагы кокорник деп да коюшат.  

Бадан

Бул гүл таштак жерде өсөт. Мындай сулуу гүлдү Орто Азия мамлекеттеринен тартып Кытай жана Кореяга чейин кезиктирсе болот. Бул өсүмдүк 18-жылымдын ортолорунан бери жашап келет. Гүлдүн аталышы немис ботаниктин атынан берилген.


Хризантема

Бул нымдуу гүлдөрдүн түрүнө кирет. Грек тилинен которгондо “алтын түстүү гүл” деген мааниде. Көбүнесе кызгылт сары түстө гүлдөшөт жана анын 29 түрү бар. Азиянын түштүк аймактарынын жаратылышынан көп кездешет.

 

Эустома

Бул гүлдү эустома же лизиантус деп аташат. Бул “ачуу гүл” деген маанини берет. Ал эми латын тилинен түз которгондо “татынакай ооз” дегенди түшүндүрөт. Көбүнчө Мексикада, Кариб аралында жана Америкада өстүрүшөт.






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн