Коргошундай булуттар уюп турду,
Көнөк-көнөк көз жашын куюп турду.
Жайган колдой дарактын ноодалары,
Жаз жакындап калганын туюп турду.
Күн жылт этти - чилдеден дарман кетти,
Күндү сүйгөн чалдардан арман кетти.
Кыштын калган жыртылып чарыгындай,
Жазды жерип кайдадыр карга кетти...
Абдиллабек АВАЗОВ
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн