Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жазгы талаа иштери башталган кезде күйүүчү майдын баасы 10 сомго кымабаттады

25.02.2021 12:53
559
Жазгы талаа иштери башталган кезде күйүүчү майдын баасы 10 сомго кымабаттады

Күйүүчү-майлоочу майлар күн сайын, атүгүл саат сайын кымбаттап жатат. Акыркы 20 күндө күйүүчү-майлоочу май орто эсеп менен 8-10 сомго кымбаттады. Мындай пикирин  депутат Закирбек Шарапов бүгүн, 25-февралда парламенттин отурумунда билдирди.


«Баалардын көтөрүлүшүнүн себеби белгисиз. Айрымдар доллардын кымбатташынан улам деп жатышат, бирок 20 күндүн ичинде доллар мынчалык көтөрүлгөн жок. Мунай заттын дүйнөлүк баасын карап көрсөңүз дагы, алар дагы көтөрүлгөн жок, андыктан эмне себептен экени белгисиз.

Жакында жазгы талаа иштери башталат, дыйкандар күйүүчү-майлоочу майга болгон мындай баалардан кыйналышат. Бир гана Бишкекте баалар 8-10 сомго, аймактарда андан да жогору көтөрүлдү. Россия менен күйүүчү-майлоочу материалдарды рублга жеткирүү боюнча келишим түзүү керек, аны долларга байлап болбойт», - деди ал.


Депутат күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташынан улам азык-түлүк кымбаттап жаткандыгын баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн