Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жазуучулар менен акындар Олжобай Шакирге кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышты

04.09.2023 15:35
333
Жазуучулар менен акындар Олжобай Шакирге кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышты


Жазуучулар, акындар, жана коомдук ишмерлер журналист, публицист Олжобай Шакирге кылмыш ишин козгоону токтотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Петиция Фейсбукта жарыяланды.



Кол койгондор (болжол менен 100дөн ашык адам) Олжобай Шакирдин камалышы чоң ката болгонун жана ага коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын белгилешет.


"Олжобай Шакирдин камалышы коомчулукта нааразылыкты күчөтүп жаткандыгы социалдык тармактардагы коомдук пикирлерден ачык байкалууда. Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы эмес экендигине кепил боло алабыз", - деп жазып чыгышты.


Эске салсак, журналист Олжобай Шакир 23-августта УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал тартип сакчыларына жигердүү баш ийбөөгө чакырган, массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн