Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарын Кыргызстанга чакырды

02.03.2023 09:08
283
Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарын Кыргызстанга чакырды

1-мартта КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женева шаарында Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги бөлүгүнө катышуунун алкагында уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк менен жолугушту.


КР ТИМинен билдиргендей, жолугушууда БУУнун жогорку комиссары Кыргызстанды БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жаңы мүчөсү катары ишке кириши менен куттуктады.


Тараптар Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо жаатында кызматташуусунун негизги маселелерин, ошондой эле адам укуктары боюнча конвенциялардын алкагында Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууну талкуулашты.


Жогорку комиссар Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо Кеңештин ролун жогорулатууга салым кошууга жана келишимдик органдардын ишин жана БУУнун атайын процедураларын жигердүү колдоого даярдыгын канааттануу менен белгиледи.


Жолугушууда Жогорку комиссар Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы айрым жагдайларды козгоп, алар боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү алды.


Жолугушуунун соңунда Кулубаев жогорку комиссарды ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн