Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жээнбек Кулубаев Эл аралык Түрк академиясынын директору менен жолугушту

03.06.2022 14:18
674
Жээнбек Кулубаев Эл аралык Түрк академиясынын директору менен жолугушту

2022-жылдын 3-июнунда Эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө түрк элдеринин ортосундагы илимий, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Министр боордош түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий-тарыхый байланыштарды жана руханий интеграциялоону чыңдоо үчүн Эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Өз кезегинде Д.Кыдырали Ж.Кулубаевге Түрк академиясынын 2021-жылкы ишинин жыйынтыгы жана жетишкендиктери, 2022-жылга белгиленген пландары жана пландаштырылган иш-чаралары тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында Түркологдордун биринчи конгрессин өткөрүү пландалып, анда катышуучулар түрк мамлекеттеринин тарыхын жазуудагы актуалдуу маселелерди талкуулашат.


Жыйындын соңунда Түрк академиясынын Президенти КР тышкы саясат ведомствосунун жетекчисине Академиянын кезектеги илимий ишин – “Байыркы түрк жазма эстеликтеринин атласы” китебин тапшырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн