Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жээнбек Кулубаев Казакстандын элчиси менен Токаевдин Бишкекке боло турган сапарын талкуулады

01.05.2022 08:31
621
Жээнбек Кулубаев Казакстандын элчиси менен Токаевдин Бишкекке боло турган сапарын талкуулады

2022-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстан мамилелеринин актуалдуу жана учурдагы маселелерин талкуулашты.


Ошону менен бирге, Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган иш сапары кеңири талкууланды. Бул иш- чаранын алкагында биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруусуга өзгөчө көңүл бурулду.


Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өз ара өнүктүрүү ниети билдирилди, кыргыз-казакстан дипломатиялык мамилелерин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.


Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн