Теке 15, 2025
Убакыт: 17:47
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Жээнбек Кулубаев ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

15.07.2025 10:45
16
Жээнбек Кулубаев ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты


Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пекин шаарында Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.


Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.


Жолугушууда Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.


КЭР төрагасы өз сөзүндө 2024-2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.


Жолугушууга ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстанжана Өзбекстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн