Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жээнбек Кулубаев ШКУнун башкы катчысы менен жолугушту

27.05.2022 15:40
813
Жээнбек Кулубаев ШКУнун башкы катчысы менен жолугушту

Бүгүн, 27-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кыргызстан ШКУга катышуусуна өзгөчө маани бере тургандыгын жана ШКУнун Хартиясында, ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимде жана ШКУнун башка документтеринде камтылган бардык багыттар боюнча Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тастыктай тургандыгын белгиледи.


Ал ШКУнун МБК чечимдерин ишке ашыруунун, анын ичинде Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун мекемесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Тараптар ШКУнун алкагында дээрлик бардык тармактарда активдүү өз ара аракеттенүү ишке ашырылып жаткандыгын, бул коопсуздук, терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, гуманитардык, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жана башка көптөгөн маселелер экендигин белгилешти.


Жолугушуунун жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды, ошондой эле 2022-жылга мындан аркы кызматташуу боюнча пландар белгиленди.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн