Кулжа 12, 2025
Убакыт: 19:16
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Жээнбек Кулубаев Түркиянын жаңы дайындалган элчисин кабыл алды

11.06.2025 09:01
50
Жээнбек Кулубаев Түркиянын жаңы дайындалган элчисин кабыл алды


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын жаңы дайындалган элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окемди кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон кабыл алышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана башка тармактардагы учурдагы абалы менен келечегин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.


Министр Кулубаев эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул өңүттө ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын ийгиликтүү өтүшүн эске салып, анын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.


Мекин Мустафа Кемаль Окем Бишкекке келгенден бери көргөзүлүп жаткан жылуу кабыл алуу жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо багытында активдүү жана биргелешип иштөөгө даяр экенин ырастады.


Жолугушуунун соңунда Кулубаев жаңы дайындалган элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын алдыга коюлган милдеттерди жана демилгелерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн