Бүгүн, 6-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрагасы, мурдагы тышкы иштер министри – Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Жаңыл Түмөнбаева жана анын орун басары Сактан Кадралиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Ж.Түмөнбаева дипломатиялык кызматтын ардагерлеринин атынан Ж.Кулубаевди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин пландары менен бөлүшүп, жаш дипломаттардын өсүп келе жаткан муунун тарбиялоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде министр Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коюлган милдеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле кризиске каршы күрөшүү программасынын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге, ал өлкөнүн алдында турган милдеттерди эске алуу менен, КР Тышкы иштер министрлигинин түзүмүн реформалоо боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле дипломатиялык кызматтын ардагерлерин социалдык жактан коргоо, аларды жаш муундарды тарбиялоо боюнча жигердүү коомдук иштерге тартуу маселелери талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн