Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Түркияга барат

16.08.2022 09:38
543
Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Түркияга барат

КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-17-августта расмий иш сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өткөрүлөт.


Мындан тышкары, кыргыз-түрк мамилелерине тиешелүү  саясий, соода-сатык,  экономикалык, маданий  багытта көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган маселелер каралат.


Ошондой эле министрдин иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн