Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ыктыярчылар социалдык тармактарга жазышты.
Алар өлкө башчы менен жолугушуу 21-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында боло турганын билдиришкен.
Президент ыктыярчылар менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары, инфекциянын очогунда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жана бейтаптарга жарандык активисттер тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу талкуу жүргүзөрү күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн