Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө санариптик технологияларды колдонуу шарты менен таанышты

03.04.2020 17:27
958
Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө санариптик технологияларды колдонуу шарты менен таанышты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы (МТБМК) - өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгынын ишке ашуусу, ошондой эле кыргызстандыктардын жашоосуна өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаал жана айрым шаарлар менен райондордогу өзгөчө абал шартында санарип технологияларды колдонууну кеңейтүү боюнча чаралар талкууланды.

Президент жолугушууда бүгүнкү күндө жарандардын ыңгайлуу жашоосун камсыздоо үчүн аларды заманбап санарип технологияларды жана чечимдерди колдонууга максималдуу түрдө тартуу зарыл экендигин белгиледи.

«Түзүлгөн кырдаалда санариптик продуктуларды колдонуу муктаждыгы күчөп жаткандыгы санариптик көндүмдөрдүн калк тарабынан тезирээк өздөштүрүлүшүнө түрткү болот. Мындан улам Мамлекеттик комитет өлкөнү санариптештирүү боюнча программалар менен долбоорлорду ишке ашырууну максималдуу түрдө тездетиши керек», - деди мамлекет башчысы.

Дастан Догоев түзүлгөн кырдаалдан улам комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулганын билдирди. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү.

Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды эсепке алуучу атайын маалыматтык ресурстар ишке киргизилип жатат. Буга кошумча аймактардагы медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу зарылчылыгынан улам ушул жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактардагы бардык бөлүмдөрүн жаңы санариптик чечимдер менен камсыздоо пландалууда.

Бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн