Кумтөр боюнча мурдагы үч президентке кылмыш иши козголду. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдады.
"Кумтөр маселеси өлкөнүн тагдырына чоң таасир эткен иш.
Бул боюнча атайын териштирүү жүрүп жатат. Ошонун негизинде мурдагы президент Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголду.
Акаев менен Бакиевге издөө жарыяланды.
Мындан сырткары, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана кимдин тиешеси болсо сөзсүз жоопко тартылат.
Ал эми экс-президент Сооронбай Жээнбеков боюнча азыр эч кандай факты аныкталган жок. Эгер ал боюнча маалымат болсо, аны да мыйзам ченеминде жоопко тартабыз",- деди Камчыбек Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн