Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевди жана өзбек элин куттуктады

01.09.2020 19:02
964
Жээнбеков Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевди жана өзбек элин куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди жана өзбек элин Өзбекстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

«Сиздин жетекчилигиңиз астында Өзбекстандын орду региондо жана жалпысынан дүйнөдө олуттуу бекемделип, өлкө ичинде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар оң натыйжаларын берип жаткандыгын белгилейм.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген достук жана ынак коңшулук мамилелер Сиздин колдооңуз менен мындан ары да бекемделип, эки элдин жаркын келечеги үчүн ырааттуу түрдө өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевге бекем ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгиликтерди, ал эми боордош өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн