Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жээнбековдун жактоочусу Мелис Аспековду сотко берет

14.05.2021 13:23
817
Жээнбековдун жактоочусу Мелис Аспековду сотко берет

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Мелис Аспековду сотко берет. Бул тууралуу жактоочу Асылбек Кочкоров "Кактус.медиа" редакциясына билдирген.


Анын айтымында, Садыр Жапаров Жээнбековдон акча алган деп коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатат.


"Көптөгөн чырга катыштыгы бар Мелис Аспеков жакында  президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо Жээнбековдон 10 миллион доллар алган деп айтып чыкты. Алдамчылыкка айыпталып жаткан Аспековдун мындай билдирүүсүнө эч бир акылдуу адам ишенбейт. Ал бул аракети үчүн сот алдында жооп берет. Ал элдин көңүлүн буруу максатында ушак таратып жатат. Аспековдун бул билдирүүсү карандай калп. Тараткан ушагы үчүн ал жооп бериш керек",- деди Кочкоров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн