Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жегениңерди 10 эселеп кусуп, түрмөдөн чыкпайсыңар. Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге акыркы эскертүүсүн берди

11.06.2023 10:59
924
Жегениңерди 10 эселеп кусуп, түрмөдөн чыкпайсыңар. Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге акыркы эскертүүсүн берди



Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жасады. 


Анда президент мамлекеттин эсебинен акча жегендерге акыркы эскертүү берилип жатканын билдирди.


"Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле Башкы прокурорго телефон чалып: "Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз",- дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, "Кумтөрдөн" облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты. Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат. Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп- жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат. Муну мен эмне үчүн ушинтип жарыялап жатам?


Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып- тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт. 


Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. 

Кийин эскертпедиң дебегиле. 


Дагы бир мисал. Талас шаарында балдар ойной турган аянтча курдук деп, төмөндөгү курулушка 4 млн 880 миң сом акча сарпташкан. Муну УКМКнын кызматкерлери таап чыгышты. 

Ушул жерге кантип уялбай ушунча акча кетти дешти? Баары камалып, уурдалган акчалар мамлекетке кайтарылды. Эми кайрадан ошол жерди өз көзөмөлүбүздө курабыз.


Канча акча менен кандай курулгандыгы жөнүндө кийин маалымат беребиз. Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер,  акча уурдаштын мындай жолун токтоткула. Азыр эшикте 21-кылым.


Баардык жактан материалдардын өздүк наркын билип, бир заматта эсептеп чыгып, уурулуктун бетин ачып коёбуз",- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн