Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айыл аймагынын Самансур айылы коронавирус жайылып жатканынан улам күчөтүлгөн режимде карантинге алынып, кирип-чыгуу чектелген.
Буга байланыштуу аталган калктуу пункттун ыңгайсыздыкка туш болгон тургундары гуманитардык жардамга муктаж болуп жаткан. Ушундай учурда Кемин районунан чыккан ишкер Мырза Капаров кол сунганын айылдын тургундары бизге кабарлап, мындай кайрымдуулугу үчүн ага ыраазычылыгын билдирди.
Алардын айтуусуна караганда, Самансурдун 157 түтүнү ун, макарон, май сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү алган. Мындан сырткары Капаров туулуп өскөн Чоң-Кеминдеги Көк-Ойрок айылындагы 50 муктаж үй-бүлөгө да жардам бергени белгилүү болду.
Пикирлер (1)