Ысык-Көл районунун Семеновка айыл өкмөтүндө күндүзгү стационар ачылат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурдагы кырдаалга байланыштуу жеке ишкер Айнагүл Аматбекова 100 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.
"Каражаттар күндүзгү стационар ачып, керектүү дары-дармек жана медициналык каражаттарды алууга жумшалат. Жеке ишкердин колдоосу үчүн акимиат ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн