Жеке ишкер Чынгыз Алканов Талас облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу жарандык активист Урмат Насыкулов билдирди.
Анын айтымында, ишкер жалпы суммасы 3,5 млн сомго медициналык каражаттарды сатып алган. Аны Талас облусунун ар бир районуна жеткирип берет.
"Биз дагы көмөк көрсөтүп, 5 кычкылтек концентраторун, 150 ампул "клексан" дарысын жана 6 таңгак "ксарелто" дарысын жөнөттүк", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн