Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жеке ишкер Улан Бакасов муктаж үй-бүлөгө үй алып берди

22.01.2021 10:20
2822
Жеке ишкер Улан Бакасов муктаж үй-бүлөгө үй алып берди


Нарын облусунун мыкты ишкерлеринин бири меценат Улан Бакасов Куртка айылынын тургуну мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө үй алууга 120 миң сом каражат бөлдү. Бул тууралуу маалымат Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды .


Үй ээси Кундузбек жана жубайы  5 баласы менен 10 жылдан ашык мезгилден бери батирде жашап келишкен. Айылдаштары жардамдашып үй куруп берүүгө жер табылбай таңсыктык жаралган эле. Аким С.Д.Кулубаев демөөрчү издеп Улан Бакасовдун ишенимдүү адамы Ильич Жамановго кайрылган. Акыры маселе чечилип меценат 120 миң сом каражат бөлүп Кундузбек үйлүү болуп олтурат. Бул жаңылык бир гана үй ээсин эмес жалпы айылдын элине кубанычтуу кабар болду”, - деп айтылат аталган маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн