Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:29
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Жеке менчикке өтүп кеткен 15 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

02.04.2021 11:12
771
Жеке менчикке өтүп кеткен 15 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан мамлекеттин менчигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын 1474,3 чарчы метрди түзгөн көмөкчү бөлмөлөрү менен административдик имараты жана 0,40га жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Аламүдүн райондук прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүндө Аламүдүн айылындагы 15 млн сомго бааланган аталган объекти 2008-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөндүгү аныкталган.


Чүй облусунун Административдик жана Аламүдүн райондук сотторунун чечимдери менен райондук прокуратура тарабынан демилгеленген доо арыздар канааттандырылып, мыйзамсыз кабыл алынган укук аныктоочу, ошондой эле андан кийинки түзүлгөн соода-сатык келишимдер жокко чыгарылды.


Райондук прокуратуранын прокурордук талабынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын балансына кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн