Көк дептер
Мекенди сүйө билген аздык кылат, Мекен үчүн «күрөш ачат» адамдар.
Капастагы жолборстон өткөн тагдыр барбы…
Зоопарк. Эгер айбанаттардын тилин түшүнгөн болсок, зоопарктан жалаң ыйды угаар белек…
Кыргызстан бутуна турушуна канча жылдар керектелет билбеймин бирок биз туура жолдо баратсак болду.
Кыргыз жерин сулуулугу үчүн эле эмес анын азап-тозогу үчүн да сүйөлү!
Кээ бири акча табат, кээ бири айла табат…
Жүзүмдөн бир үзүм
Студентпиз. Курсташ-бөлмөлөш Элмурат, Улук үчөөбүз курсагыбыз ачып “Туңгуч” кичирайонунун алдындагы жүзүм талаага бардык. (Ал кезде али жүзүм талаа болчу) Нан ала барганбыз, нанга кошуп жүзүмдү шире кылып айда жеп курсак тойгуздук да, баштыктарга жүзүмдөн терип, жолду кыскартмакка ТЭЦтин алды менен шаарга жөнөдүк. Катар-катар темир жолдорду аттап, катар-катар тизилген узун көмүр ташыган поезддердин, вагондордун алдынан сойлоп өтүп жүрүп келаттык. Негизи ал жер менен өтүүгө катуу тыйуу салынган. Анткени ал жер көзөмөлдөнбөйт. ТЭЦке улам бир состав көмүр кирип, аны түшүрүп кайра чыгарып, кайра кийинкиси кирип… бул жердин тирилиги ушундай. Бирок аны эстеп койгон биз жок. Биз баштык-баштык жүзүмдөргө сүйүнөбүз. Күн ысык. Бир кезде узун вагондордон биринин алдына келип, “көлөкөсү зор экен, жел да уруп турат экен, олтура туралы” деп вагондун алды, дөңгөлөктөргө сүйөнүп бир топ олтурдук да, бир убакта кетели деп темир жолдон мына чыгып, буттарыбыз темир жолдон мына-мына алынган секундда “карс” этип үн чыкты да эмеле үстүбүздө турган узун вагондор шартылдап жүрүп берди. Биз бир топко нес болуп туруп калдык, анан барып өзүбүзгө келип, ошондо анан түшүндүк. Бизди кудай чоң сактаган! Ким билет, кудайбы, ата-энебизби же күтүп аткан студентчилигибизби… ишара кылса керек, «ушулар жүзүмгө тойду, башкасына деле тойсунчу!» дедиби, эки ирмемге эрте чыгып аман калганбыз.
Койдун башы
Бычан. Чабан Токтомамбет абамдын үйүндөмүн. Төлөдөгү кой кыркын пунктунун тамындабыз. Жакында кыркын башталат. Биз демек, бул тамды бошотуп, аз күндө Ой-Карагай конушуна көчүп кетишибиз керек. Антпесек, жакында кыркынчылар көчүп келе баштайт.
Бир күнү кой союлду. Мен баш куйкаладым. Куйкалап бүтүп башты таза жууп казанда этке салдым. Салаарын салдым бирок негедир бир нерсеси эле окшобой турат… Жайлоодо жүрүп мал боюнча, өзгөчө минген атка байланыштуу же үй тирилигиндеги жумуштардан ката кетиргенден аябай коркуп, чочулап тураар элем. Башкадан мурда эң башкысы тоодогу өзүм курактуу балдардан жазганчумун. Ошолорго уят болбосом дечүмүн. Ошентип, башты бир жерин күйгүзбөй сонун куйкаладым. Мунум жакшы. Таптаза кылып жууп, казанга салдым. Мунум да жакшы. Бирок да, бир нерсе эле туура эместей сезилип, башты башка жагынан оодардым. Жок, жакшы эле окшойт деп отту ирилетип коюп очок алдында олтура кеттим. Бир кезде жаныма Токтомамбет абам басып келди да казанды бир топко үндөбөй карап турду. Абам сөздү тимеле таптап анан кооздоп сүйлөгөн, каадасына чыгара сүйлөгөн жан эле. Анын үстүнө айылдагы чоң комузчу, таланттуу адам болчу. Бир кезде бир аз да эңкейбей туруп, колунда кармап жүргөн четиндинин ичке чыбыгын мен салган койдун башына тийгизип минтти:
- Жеңишбек, ээ балам, эми мени карап кой: көрө-көрө көсөм болосуң дейт. Тиги колхоздун кыйын болуп жүргөн активдери, эмне баары эле асмандан түшкөн дейсиңби? Жо-ок асмандан түшкөн эмес! Ушинтип кичинеден бышып-бышып олтуруп, үйрөнүп олтуруп анан адам болушкан. Ха! Жүрүшпөйбү тааңгөрү кайкалашып…
Абам мага эмнени эле айтып атат? деп коем кептин төркүнүн аңдабай.
- Мынакей, - деди Токтомамбет абам, чыбыктын учун баштын кулак түбүнө алып келип. – Мына мобу жерден алдагы шамшар менен ылдый тартсаң, мынакей мобу жаагына чейин… Анан кийин акыры-ын башты ары түртүп которуп туруп тиги жагын да ушинтсең… деген жерине келгенде мээме каңк дей түштү! Таптым! Оо, кудай урган мен! Эмнеси эле окшошпой атат десе!!! Тууй ата өлгөн турбаймынбы! Баштын жаагын ажыратпай туруп эле салып салган турбаймынбы! Башка эч ким көрбөсө экен деп ордуман шарт атып турдум да бир топ ысып калган башты чапчуур менен шарак алып чарага салдым да, шартылдатып жаакты ажыратып кирдим. Бир паста ажыратып кайра казанга салганымда, Токтомамбет абам чыбыктуу колун артына алган калыбында, тээтиги аскаларды карап, кыңылдаган бойдон токой беттеп, жа-ай басып кетип баратыптыр…
Жашоодо эң күчтүү нерсе бул – идея. Жакшы идея келгенде мурдуң менен шамалды жиреп, бактылуу болуп басып каласың.
Биз күндө алабыз, кайра беребиз. Алабыз, кайра беребиз… Адамдар менен да, жаратылыш менен да жашообуз ушинтип түзүлгөн. Табият ушинтип жаралган. Экөөнүн балансы бузулган жерден бизде маселе башталат…
Мен Ала-Тоомдун ар бир ташын сезиш үчүн Альп тоолору керек болгондой….
Дубалдар
Кыргызда ушундай: узун кезекте же сааттап күтчү жерде туруп калсаң арасынан сөзсүз бирөөсү айтат: “Ыя ботом!, - же болбосо, - ие кокуй оозуңарга талкан сугунуп алгансыңарбы?! Кичине, сүйлөп олтурбайсыңарбы?! дейт. Эч кими эч кимисин тааныбаса да ушинтет. Ушинтип тилдеп, өктөм айтат. Ошондо тургандар “Чын эле!” дегенсип жандана түшөт. Күнөөсүн мойнуна алгансып сөз баштоого умтулуп калышат. Анан, сөз башталат. Бул биздин өзүбүз байкап-байкабаган, билип-билбеген керемет сапатыбыз. Ушул дагы маданиятыбыз, ушул дагы салтыбыз. Башка өлкөнүн байлыгына алмашкыс байлыгыбыз. Батышта жүрүп ушуну көп ойлодум. Ба-аятан бери алигидей күтүшкөн жерде, көпчүлүк менен бет маңдай олтуруп, дем алгандан бөлөк үн чыкпаган жымжырттыкта ушуну көп ойлодум. Мыйзамдын тынчтыгы жакшы бирок адамдардын ашкере жымжырттыгы аларды алыстатат, дубал болуп тосот ортосун, демек муздатат демек жалгыздыкка алып келет. Мен бул жактан өзүм менен өзүм болгон жымжырттыкты көп өткөрдүм. Айласы жок, чыңырган жымжырттыкты…
Биринчи суроо жаралган эмес. Жооптору кайдадыр бар болгон үчүн суроолор келип чыккан деп ойлойм...
Бул керемет сезим менденби же сенденби..?
Толкун
Деңизде канча толкун бар? Толкундун ичинде да толкун бар. Толкундун артында, алдында да, ал тургай толготуп аткан боюнда да толкун бар. Кечээкиси, азыркысы, бүтпөгөн келечеги бар, толкундун. Эмне үчүн биздики жок келечек, кыргыздыкы? Болушу мүмкүн эмес! Анткени кыргыздын өзү толкун.
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн