Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жеңиш Молдакматов: «Бабановго ишенген 8 партия, аны ээрчиген миңдеген адамдар уят болду»

24.12.2020 10:34
1342
Жеңиш Молдакматов: «Бабановго ишенген 8 партия, аны ээрчиген миңдеген адамдар уят болду»


«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, ушул жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодон кийинки болуп өткөн жана болуп жаткан окуялар тууралуу өз пикирин билдирди. Анын айтымында 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин 9 партиянын өкүлдөрү координациялык кеңеш түзүп, ага Адахан Мадумаровду төрага кылып шайлашкан. Алардын талабы 9-октябрда парламент депутаттарын чогултуп, жаңы убактылуу премьер-министрди шайлап, өлкөнү мыйзамду талаага алып келүү аракетин жасоо болгон. Бирок, 9-октябрда координациялык кеңешке кирген партия лидерлеринин көпчүлүгү убададан тайып, соодалашып кетишкен.


Анан дагы ал ошол убакта «Республика» партиясынын көшөгө артындагы лидери Өмүрбек Бабановдун «Таң атпай келип, мени премьерликке көргөзүп суранышты» деп айтканын карандай калп дейт.


«9-октябрдан кийин Өмүрбек Бабанов «Азаттыкка» маек берди. Ошондо айтпадыбы: «Таң атпай келип, мени премьерликке көргөзүп суранышты» деп. Андай болгон эмес. 6-октябрдан баштап Бабанов «мен премьер болом» деп жаныбызда жүрдү. Ал боюнча Алтынбек Сулайманов, Клара Сооронкулова да айтпадыбы. «Ата-Мекендин» балдары да айтпадыбы», - дейт ал. 


Молдокматов Өмүрбек Бабановдун соодалашып кеткенин жана ага ишенген башка партиялардын жана миңдеген элдин уят болуп калганын өзгөчө белгилеген.


Өмүрбек Токтогулович Бабанов соодалашып кетти да. 9-октябрда окуя болуп жатат, 11-октябрда барып «Мен бул кишини колдойм» деп чыгып койду. Убактылуу бийликтин азыркы фаворит болуп жаткан талапкерин колдоп чыкты. Бул эмне деген нерсе? Алтынбек Сулайманов, Клара Сооронкулова: «алдап жатасың» деп туура айткан. Ага ишенген 8 партия, аны ээрчиген миңдеген адамдар куржалак калды, уят болду. Түшүнүксүз абалда болуп калды да», - дейт ал.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн