"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 6-июлга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саясатчынын баш коргоо чарасын тандоо боюнча отурум өттү.
Эске салсак, Жеңиш Молдокматов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуя боюнча кармалган. Алгач УКМКнын имаратын басып алууга шектелсе, бирок кийин массалык башаламандыкты уюштуруу беренесине өзгөргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн