Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы бүгүн тергөө абагында отурган Жеңиш Молдокматовдун абалы менен таанышты. Бул тууралуу акыйкатчы институту билдирди.
Молдокматов ачкачылык жарыялаганынын себебин акыйкатчыга түшүндүргөн. Анын айтымында, ал эркиндикке чыгуу же баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн эмес, бардык кармалган саясатчыларга бирдей мамиле кылуу үчүн ачкалык жарыялаган.
Акыйкатчы анын ден соолугу дарыгердин көзөмөлүндө экенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн