Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жеңиш Молдокматов түрмөдөн кат жазды (фото)

02.06.2021 07:42
2123
Жеңиш Молдокматов түрмөдөн кат жазды (фото)

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов абактан кат жазды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.


"Ассалам алейкум кадырлуу мекендештер! 


    Өлкөдө орун алган оор коомдук-саясий кырдаалга ылайык, кризистен, катуу чыңалуудан жол таап, жалпы өлкөнү өнүгүү жолуна сүрөөчү күч керек экени баарыбызга маалым. Өзгөчө чындыкты, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү талап кылган таза адамдардын келиши өлкөгө өтө маанилүү.


   Андыктан, жалпы өлкөнүн, кичи жана чоң шаарлардын, аймактардын таламын талашып, келерки шайлоолордо «TURAN» саясий партиясы катышат жана партияны чыгаан уулуңар Тилекмат Кудайберген уулу жетектеп чыгат.


    Караңгы жолдон жарык таап, элимди өргө сүрөөчү партия - «TURAN». Тарыхы бар, улуу аталарыбыз түптөгөн жолдон чыкпайт деп ишендирем.


   Жалпы элимден уулуңар Тилекматты колдоп, тиреп, сүрөп берүүңүздөрдү суранам!


   Кудай кааласа элибизде бардар заман болот. 


Урматым менен уулуңар, 

Жеңиш. 


31.05.2021 СИЗО-1",- деп жазылат Молдокматовдун катында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн