“Замандаш” саясий партиясынын мурдагы төрагасы Жеңиш Молдокматов жаңы партияны жетектейт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалымат боюнча ал “Туран” саясий демократиялык партиясына төрага болуп шайланды.
“Туран” саясий демократиялык партиясы 2004-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тайырбек Сарпашевдин жакын туугандары тарабынан негизделген.
Жеңиш Молдокматов аталган партиянын презентациясын 8-апрелде өткөрө турганы маалым болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн